БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жакынкы Чыгышта Иран айланасындагы жаңжалдан улам кырдаал күн санап курчуп баратат. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Аймактагы чыңалуунун деңгээли өсүп жатканын тастыктайбыз. Иш жүзүндө бүтүндөй аймакка от жагылды", — деген Песков журналисттерге комментарий берип жатып.
Анын айтымында, Иранга каршы башталган агрессиянын кесепети өтө кооптуу.
"Жаңжалдын географиясы кеңейди жана дүйнөлүк экономика үчүн дагы өтө чоң терс таасирлер бар. Биз согуштук аракеттер баштала электе эле ушундай болорун эскерткенбиз", — деди Песков.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге чабуул кое баштаган. Иран жооп иретинде Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урууда. Жаңжалдын курчушунан улам Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы дээрлик токтоп калды. Бул дүйнөлүк рынокко мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдөгү негизги маршрут эле.