Ормуз кысыгын АКШ менен Израиль мурдагысындай пайдалана албастыгы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ормуз кысыгы аркылуу өткөн танкерлер 28-февралдан тарта 90 пайызга кыскарды. Бул туурасында Бахрейндин ТИМ башчысы Абдель Латыф аз-Заяни айтканын BNA агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
Аталган аймак эми өзгөчө АКШ жана Израиль үчүн мурдагысындай болбой калгандыгын Ирандын ислам революциясынын коргоочулар корпусунун башчылыгынан кабарлашты.
"Ормуз кысыгы эми мурдагысындай болбойт, бул АКШ жана Израилге өзгөчө тиешелүү", — деп айтылат маалыматта.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы ушул жылдын 28-февралында башталган. Тараптар ошондон бери бири-бирине сокку уруп келүүдө. Тель-Авив Тегеранга өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербей турганын айтып келсе, Вашингтон Иранды аскердик күчүнөн ажыратам деп коркутуп, элин бийликти кулатууга чакырган. Тегеран коргонууга даярдыгын билдирип, сүйлөшүүлөрдү жандантууга азырынча зарылдык жок экенин белгилеген болчу.
АКШда Ирандан улам дүйнө жүзү тушукчу кризистин масштабы айтылды