БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган чек арачынын абалы өтө оор деп бааланууда, ал жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бейтапка жабык баш мээ жаракаты, мээнин катуу контузиясы жана субарахноидалдык кан куюлуу диагноздору коюлган.
"Медициналык жардам толук көрсөтүлүүдө. Учурда кошумча консилиум өткөрүү пландалып жатат. Бейтаптын абалы турукташкан учурда аны андан ары дарылоо үчүн үчүнчү деңгээлдеги медициналык мекемеге которуу маселеси каралат. Азыркы тапта медициналык көрсөткүчтөргө байланыштуу бейтапты ташууга болбойт", — деп айтылат маалыматта.
Жабыркаган аскер кызматкерине медициналык жардам көрсөтүү маселеси президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө. Өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, президент саламаттык сактоо министрине тез жардам көрсөтүү боюнча бардык чараларды көрүү тапшырмасын берген. Ошондой эле жоокерди Бишкекке, зарыл болсо чет өлкөгө алып кетүү каралат.