ЕБ: Ирандын энергетикалык инфраструктурасына чабуул коюу — мыйзамсыз

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Евробиримдик Ирандын энергетикалык инфраструктурасына жасалган чабуулдун бардык түрүн мыйзамсыз жана кабыл алынгыс деп эсептейт. Бул тууралуу Еврокеңештин башчысы Антониу Кошта билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Ирандан Ормуз кысыгын ачууну талап кылып, болбосо "тозокко түшөрүн" айтып коркуткан.
"Жарандык инфраструктурага, өзгөчө энергетика объектилерине урулган соккунун кайсы түрү болбосун, мыйзамсыз жана кабыл алынгыс болуп эсептелет. Иран режиминен жапа чеккен башкы жабырлануучу — иран эли. Аскердик кампания арышын кеңейтсе, кыйынчылыкка ушул эле карапайым эл тушугат", — деди Кошта.
ЖМК: АКШ менен Израиль Ирандагы энергообъектилерди бомбалоого ниеттенүүдө