БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү АКШ президенти Дональд Трамптын Тегеранга карата эмоцияга алдырып жазгандарын айыптаган билдирүүнү X социалдык тармагына жайгаштырды.
Мурдараак Трамп ирандыктарды тилдеп, Ормуз кысыгын ачууну талап кылган.
"Шейшемби Иранда электр станцияларынын жана көпүрөлөрдүн күнү болот, ошондо бардыгы бир күнгө туш келет. Мындай эч качан болгон эмес. Кысыкты ачкыла, акмактар, болбосо тозокко түшөсүңө, карап тургула! Аллага мактоолор болсун", — деген Трамп Truth Social.
Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө бул кадам "карапайым калкка каршы террорчулукту жасоого жасалган ачыктан-ачык чакырык жана согуштук кылмышка баруу ниетинин айкын далили" экени айтылат. Ошондой эле өкүлчүлүк дүйнөлүк коомчулукту мындай нерсени алдын алуу үчүн "дал ушул убактан, азыртадан баштап козголууга" чакырды.
Трамптын бул кылыгын АКШнын ичиндегилер да сындады. Америка армиясынын отставкадагы подполковниги Дэниел Дэвис X социалдык тармагында мындай коркутуулар Иранды чөгөлөтө албастыгын айткан.
"Президент Трамптын минтип жазгандары жана кыйратып жиберем дегени Иранды багынтып жибере албайт. Тескерисинче, Тегерандын жообунан улам аймактагы биздин союздаштарыбыздын энергетикалык жана башка инфраструктуралары талкаланып калышы мүмкүн экенин ишенимдүү айтууга болот", — деп жазды ал.
АКШ менен Израилдин Жакынкы Чыгыштагы согуштук операциялары Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин катташын дээрлик токтотту. Бул Араб мамлекеттеринен мунай продукцияларын алып чыгууга кедергиси тийгизип, аны пайдаланган дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө баанын өсүп кетишин шарттады.
Tasnim агенттигинин билдиргенине таянсак, учурда кысык аркылуу Россиянын, Кытайдын, Индиянын, Ирактын жанана Пакистандын гана кемелеринин катташына уруксат берилген. Трамп Европа менен Азиянын бир катар мамлекеттерин кысыкты ачуу үчүн аймакка согуштук кемелерин жиберүүгө чакырык салган, бирок алардын көбү мындай кадамга баруудан баш тартып коюшкан.
Ал арада Тегеран араб жана азия мамлекеттеринин булуңду колдонуу боюнча эрежесин бекиткен "Ормуз пактысын" иштеп чыгууну сунуштады. Ага чейин Ак үйдүн кожоюну бул өлкөлөрдү Американын энергетика ресурстарын сатып алууга чакырган эле.