Мамдума төрагасы Евробиримдиктеги кризистин себебин тизмектеп берди

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Европа биримдиги Россиянын арзан энергетика ресурсунан баш тартып жана Украинаны чайпалтууга басым жасап чоң ката кетирди, бул жаңылыштык уюмду кризиске кептеди. Мындай пикири менен РФ Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин соцтармактагы баракчасынан бөлүштү.
Саясатчы мамлекеттердин биримдиги түптөлүү, өнүгүү, чакырыктар менен көйгөйлөр баскычынан өтүп, жеңишке жеткирген жана жаза баскан кадамдарды жасай турганын белгилеген.

"Ушу тапта Евробиримдик кризисти баштан кечирип жатканын айтууга болот", — деп жазды Мамдума төрагасы.

Володиндин айтымында, Евробиримдикти түзүүдө Европанын алдыңкы мамлекеттери менен АКШ СССР кулагандан кийин өз алдынча болуп калган Чыгыш Европа мамлекеттерин көз каранды кылып, жапырт көзөмөлгө алууну көздөгөн. Батыш мындай кадамы менен саясий жана экономикалык максаттарына жетмек, өзгөчө Германия, Франция жана Италия жаңы рынокко чыгып, эмгек ресурстарына ээ болууга ниеттенген. Володин аталган мамлекеттердин Евробиримдикти субсидиялоо аркылуу салган акчасы эселеп кайтып турганын белгиледи.
"Бирок убакыттын өтүшү менен ошол эле Франция Евробиримдикке катышуудан жоготууга учурай баштады — 2024-жылы айырмачылык 4,8 миллион еврону түзгөн. Германия Россиядан арзан энергоресурс алып, ЕБдин чыгымын ошонун эсебинен жаап турду. Бүгүнкү сумма 13,1 миллион евронун тегерегинде. Ал эми Англиянын эли ЕБге мүчөлүк чыгымдан башка эч нерсе алып келбей турганын эртерээк түшүнүп, уюмдан чыгууну талап кылышты", — деп жазды саясатчы.
Володин начар башкаруудан жана кеткен катачылыктардан улам ЕБдеги абал оорлошуп, ички маселелерди чечүү үчүн Евробиримдикке жаратылыш байлыгы мол, рыногу чоң, жумушчу күчү арзан болгон Украина керектелгенине токтолгон. Төраганын айтымында, "анан, албетте, НАТОго Чыгышты көздөй жылууга жол ачкан геосаясий таасирин арттырмак".
Орбан: Украина Европаны россиялык энергоресурстан кур жалак калтыруу амалында