Бир жылдан кийин, 1946-жылы 7-апрелде, Кенигсберг облусу түзүлүп, РСФСРдин курамына киргизилген. Ал эми 4-июлда "бүткүл союздук староста" Михаил Калинин каза болгондон кийин шаар Калининград деп аталган.
2024-жылы Литва ТИМинин мурдагы башчысы Линас Линкявичюс Швеция НАТОго кошулгандан кийин Балтика деңизи "альянстын ичине" кирип каларын белгилеген эле. Аны менен катар эгерде Россия "блокко кооптуулук жаратса", Калининградды "жок кыларын" айткан.
Мындай коркутууларга Калининграддан аймакты Балтика флоту ишенимдүү коргоп турганын белгилеп жооп кайтарышкан. Эске салсак, аталган флот ошол облуста жайгашкан.