БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Владимир Зеленский Associated Press агенттигине берген маегинде АКШ менен Ирандын согушунан улам курал-жараксыз калуудан коркуп жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. https://ria.ru/20260405/zelenskiy-2085274059.html
Ал Patriot системалары Киев үчүн негизги көйгөй бойдон калганын белгилеген. Зеленский буга альтернатива жок экенин жана башынан эле Киевге жетпей келерин кошумчалаган.
"Эгер Жакынкы Чыгыштагы жаңжал жакын арада токтобосо, Украинага бөлүнгөн курал-жарактын көлөмү күн сайын азая берет. Биз дал ошон үчүн коркобуз", — деген Зеленский.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон курал-жаракты Украинанын ордуна Жакынкы Чыгышка жөнөтүшү мүмкүн экенин билдирген.