Биз бүгүн улуттук адабияттын мактанычы, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун "Тоо арасында" романы тууралуу 10 факт сунуш кылабыз.
Профессионал адабиятты баштоодогу үч романдын бири. XX кылымдын 20-жылдарында жаңыдан адабият жаратабыз деген дымактуу жаштар адегенде аңгеме, анан повесть жазып баштап, казак, өзбек, татар, орус жазуучуларынын жазгандарын окуп, бир аз болсо да алардан үйрөнүп, 30-жылдардын орто ченинен чоңураак чыгарма жазуу керектигин түшүндү, анан калса, алардын жаза турган темасы, көрүп-билгендери абдан бай болуп, аңгемеге, повестке сыйбай калып жатты. Ошол кезде 20-25 жаштан жаңы оогон үч адабият талапкери: Мукай Элебаев, Касымалы Жантөшөв, Түгөлбай Сыдыкбеков болжолу бир эле мезгилде, 1933-1934-жылдардан тартып роман жазууга киришти. Ысык-Көлдүн Түп районунун Каркыра тарабынан келген эки жигит – Түгөлбөй менен Мукай бир үйдө (Мукай Элебаевдин үйүндө) жатып алып бири "Кең-Сууну", бири "Узак жолду" жарыша жазып кирди. Дагы бир жакта ысык-көлдүк Касымалы Жантөшов "Каныбегин" жазып жаткан. Мына ушул үч роман али толук сабаты ачыла элек кыргыз айылдарынын жашоочулары үчүн өзгөчө окуя, өзгөчө майрам, өзгөчө таң каларлык көрүнүш болгон. Ушул үч чыгарманы окуйм деп далай киши кат тааныган, далай киши турмушту таанып билген, көркөм адабият эмне экенин түшүнө баштаган.
Чыгарманын жазылыш тарых-таржымалы. Ар бир чыгарманынын жазылышынын купуя сыры болот. Бул сыр – өз айылы Кең-Сууну жана кең-суулуктардын коомдогу аракетин, жүрүш-турушун, эски жана жаңы заманга мамилесин жазуу зарылдыгы эле. Француз жазуучусу Гюстав Флобер өмүр бою Руана шаарынын адамдарын, Михаил Шолохов Донду жана дондук казактарды, Чыңгыз Айтматов Шекер жана шекерликтерди, Орхан Памук Стамбул жана стамбулдуктарды жазып келди. Жазуучунун туулган жери анын чыгармаларына ар дайым материал берип турат. Түгөлбөй Садыкбеков да азыркы Түп районундагы Кең-Суу айылынын адамдарын жазууну колго алды. Анын мындай деп айтканы бар: "Кең-Сууну" жазууга мага баарынан мурда Ымакемдин өзү түрткү болду. Ыманбайды да, Сапарбайды да, Бердибайды да, Сокени да, Калпакбайүптү да, айтор, романда каарман болгон кейипкерлерди мен жаш кезимен эле өз айылымдан көрүп жүрчүмүн. А тургай, "Кең-Суудагы" кейипкерлердин көпчүлүгү өз аттары менен аталат. Аттары мындай турсун, Соке абышканын өзү аталашыбыз Сооданбак деген кишиге окшойт. Анын кашаң торусу – Сооданбектин кашаң торусу. Ыманбайдын өз аты да, кейип-кешпири да, кыялы да, Бүбүсү да, Айсараласы да, ал тургай эшигинин алдына үйүп койгон сербейген куурайы, жапма челек бозосуна дейре өзү. Мен романды жазып жатканда күүлөнгөн Ымакемдин бөрсөйгөн курсагы көз алдыма көрүнүп туручу. Арийне, ошентсе да алар – жалпылашкан каармандар. Ымакемдин элчиликке барышы, чегедек менен бир салганда тырп жыгылышы тирүү Ыманбайдын башынан өткөн эмес. Ошондуктан кийин китеп чыкканда: "Чегедек менен бир салганда эле мен качан жыгылып калчу элем? Сен мени чымындан алсыз кылып шылдыңдаганың үчүн үстүңдөн арызданып сазайыңды окутайын дедим эле. Балам болбой койду", – деп Ымакем мага таарынычын да айтты. Ымакемдин дал ушул таарынычынын өзү эле мага кымбат" (Адабиятчы Камбаралы Бобулов менен маектешүүсүнөн). Мына ушуга караганда, жаш жазуучу өзү көрүп-билгендерин, өз айылынын адамдарын китеп кылып жазгысы келген жана буйдалбай жаза берген.
Роман адегенде "Кең-Суу" аталган. Бир айылды жана айылдаштарын жазганы үчүн чыгармасына "Кең-Суу" деп ат берген. Чыгарма 1933-жылдын жазында кургак учук санаторийи болгон Ысык-Көлдөгү Койсарыда башталган. 42-палатада жазып кирген, иши шыр кеткен, анан айылга, Кең-Сууга барып эл менен, өзүнүн каармандары менен күндүз баарлашып келип, кечинде чырак жагып, чемоданын тизеге коюп кагазга түшүрө берген, жарыкта карагайга жөлөнүп алып жазган күндөрү да болгон. Ошол жылдары ал өпкөсү кагындап, окуй да албай, жакшы иштей да албай, Фрунзедеги кургак учук ооруканасында көп жатат, палатадагы тумбочканын үстүнө коюп алып жазуусун дагы улантат. Фрунзеде Мукай Элебаев менен кошо анын бир бөлмөсүндө жашаган, экөө стол талашып, көбүнчө жеңесинин ашканасы бошой калганда аш үйдө жазып да жүрүптүр. 1935-жылы эки китеби жазылып бүтүптүр да, романдын биринчи китеби 1937-жылы Самарканддан, экинчи китеби 1938-жылы Казандан басылып, ал кезде кыргыздар колдонгон латын арибинде элге тарайт. Кийин сындар айтыла баштайт, ошолорду эске алып, 1937-1938-жылдарда кыйла жерин оңдоп-түзөп 1940-1941-жылдарда кайра басылып чыгат. Түгөлбөй Садыкбеков жана анын "Кең-Суусу", кудай жалгап, ошол мезгилдеги сталиндик репрессиянын азуусунда чайналбай эсен-аман чыгып кетет. Бирок репрессиянын каары тийбей койгон жок, бир тууганы Түмөнбай Сыдыкбек уулу камалып кетет. Же өзү жок кылганбы, же киши колдуу болгонбу, "Кең-Суусунун" кол жазмасынын бир варианты орду-түбү табылбай жоголуп кетет.
"Кең-Суу" неге "Тоо арасында" болуп кетти? "Кең-Суу" эки китеп болуп чыккандан кийин, өзгөчө экинчи китеби катуу сынга кабылды. Сындагандардын биринчи дооматы – автор бир гана Кең-Суу деген айылды сүрөттөп, бир айыл менен чектелет дешкен; экинчи доомат – мурдагы байларды, кулактарды оң каарман кылып көрсөткөн учурлар бар дешет; үчүнчүсү – башкы каарман Сапарбайга ок жаңылат, ошондон каза болот, бул чыгарманын идеясына доо кетирет; төртүнчүсү – романда Михаил Шолоховдун "Көтөрүлгөн дың" романынын таасири өтө күчтүү: Щукар менен Ыманбай, Давыдов менен Сапарбай бири-бирин кайталап калган; бешинчиси – натуралисттик сүрөттөөлөр жана этнографизм арбын ж.б. А түгүл Мукай Элебаев көркөмдүк жагын катуу сындайт. "Кең-Суу" азыркы заман үчүн зыяндуу чыгарма деп айткандар да чыгат. Бул дооматтар ошол жылдар үчүн кооптуу эле, автор ал кезде "Көтөрүлгөн дың" толук чыкпаганын, аны окубаганын жазат, ошол эле кезде бир айыл аркылуу бүт кыргыз айылдарын жалпылаштырып көрсөткөнүн айтат. Бирок баары бир оңдоо керек деп туруп алышат. Иштемчил жазуучу колхоз турмушун тереңирээк билүү үчүн Чүйдүн колхоздорун кыдырып чыгат. Кең-Суу эле болуп калса, анда мына эмесе деп, жалпы кыргыз жерине тиешелүү болсун деп "Тоо арасында" атап, биринчи китебин 1955-жылы, экинчи китебин 1958-жылы жарыкка чыгарат.
"Кең-Суу" жана "Тоо арасында" бир эле чыгармабы? Мурдагы "Кең-Суу" романы менен кайра оңдолгон, толугу 1955-жылы жарык көргөн "Тоо арасында" романынын ортосунда айырмачылыктар бир кыйла: жаңы каармандар кошулган; жаңы сюжеттик сызыктар киргизилген; жаңы окуялар ойлоп табылган; идеялык жактан заманбапташтыруу ишке ашырылган; узак сүрөттөөлөрдөн жана көп сөздүүлүктөн арылуу жүргүзүлгөн ж.б. оңдоо жана редакциялоо иштери жасалган. Чыгарманын көлөмү дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Бир топ адабиятчы бул эки чыгарманы бири-бирине байланыштуу, бирок өз алдынча эки башка роман деп атайт.
"Тоо арасында" романында автор көтөргөн проблема. Кыргыз элинин жаңы коомго өтүү процессинин (XX кылымдын 20-жылдарынын аягы, 30-жылдардын башы) татаал диалектикасын кеңири ачып, анда реалисттик методдо, ошол кездин заманбап окуялары, тап күрөшү таамай сүрөттөлгөндүгү менен айырмаланган. Кең-Сууга Кеңеш бийлигин орнотуудагы кыйынчылыктар, ошол саясий зор окуянын оош-кыйыш жактары бир айылда жашаган Сапарбай, Самтыр, Ыманбай, Калпакбаев, Шаршен, Шоорук, Курман, Матай, Өскөнбай, Самтыр, Соке абышканын образдары аркылуу терең чагылдырылган. Жеке менчикти жамааттык чарбага өткөрүү процесси бөрк ал десе, баш алган аша чабуулар, айылдык деңгээлдеги репрессиялар менен коштолгонун автор турмушта кандай болсо ошондой көрсөтөт. Роман советтик доордун алгачкы жылдарынын күзгүсү болгон.
Ыманбай — романдын эң баалуу табылгасы. Чыгармадагы Ыманбай кыргыз адабиятындагы эң эле таасирдүү ачылган кейипкердин бейнеси. Ал аны-муну элес албаган баёо, оокат-тиричилигин ойлобогон, күн өткөнгө гана каниет кылган, апенди чалыш адамдын образы. Адабиятчы Кеңешбек Асаналиев "Романы Тугельбая Сыдыкбекова", "Кыргыз совет прозасынын очерки" деген китептеринде бул образга ар тараптуу талдоо берсе, дагы бир адабиятчы Камбаралы Бобулов "Ыманбай жана кээ бир зыяндуу "ата салттар" деген көлөмдүү макаласын жазып, кыргыз турмушундагы ыманбайчылыкты талдап көрсөтүп, анын образын типтүү кырдаалдарда типтүү каарман катары ачып берген жазуучунун чеберчилигин жогору баалайт. Автор бул каарманын өзгөчө жакшы көргөн, кийин анын образын улантып жазып, 1980-жылы окурмандарына "Ыманбайдын пейили" романын сунуштап, жаңы замандын "жаңы Ыманбайын" көрсөтөт.
Романдын кыргыз адабиятындагы орду. Кыргыз адабиятындагы гана эмес, жалпы совет адабиятындагы эң көлөмдүү китептердин бири катары эсептелген бул роман көп жылдар бою мектептерде окутулуп келди. Анда жазуучу кыргыз элинин тилдик байлыгын кеңири пайдаланат, мындан жүз жылдар кийин да улуттук тилди изилдөөчүлөр бул чыгармага кайрылбай койбойт. Чыгарманын сюжеттик-композициялык түзүлүшү бир кыйла татаал: бирде эпикалык салабаттуулук, бирде улуттук мүнөз-кыялдагы комикалуулук, бирде доор менен байланышкан трагедиялуулук, бирде лирикалуулук айкалышып отуруп жазуучунун чеберчилигин айгинелейт. Абдылда Мусаев да Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы боюнча диссертациясын коргоп, "Түгөлбай Сыдыкбеков: адам тагдыры жана чыгармачылык тагдыр", "Сүрөткер: адамдык жана чыгармачылык тагдыр" деген монографияларында, Искендер Жумабаев "Тоо арасында" романынын жаралыш тарыхы тууралуу кандидаттык диссертациясында бул романдын идеялык-көркөмдүк, руханий-эстетикалык салмагы, адабияттагы орду тууралуу аргументтүү пикирлерин билдирген.
Чыңгыз Айтматов "Тоо арасында" романы тууралуу. Айтматов дүйнөлүк атак-даңкка жеткен кезде Түгөлбай Сыдыкбековдун 50 жылдыгына карата "Тоо бөксөрбөйт" деген макала жазган ("Литературная газета", 6-октябрь, 1962-жыл). Анда "кыргыз эли эми гана отурукташып, жаңыдан эле сабатын ачканга киришкен, кырчындай жапжаш Сыдыкбеков үлкөн роман жазганга белсене баштайт. Бир саамга өзүмдү анын ордуна коюп, ойлонуп көрсөм жүрөк опкоолжуйт: жок, буга менин батымым жетмек эмес…" деп келип, "...капысынан 50-жылдардын этегинде арадан чейрек кылымдай убакыт өткөндөн кийин Сыдыкбеков "Кең-Суу" романына кайрылып, анысын түп-тамырынан бери жаңылап, саздап-маштап жазып чыкты. Чоң сүрөткер атыгып, тажрыйбасы артып, такшалып калган чагында Сыдыкбеков калбаат акылга салып, калыстык менен бир кездеги кырчын курак Сыдыкбековду кандайча оңдоп-түздөгөнүн мен ал кезде агылгалап байкап, күбө болгом. Муну бир эсе өзүнө өзү көңүлү толбой, талантына жараша бийик талап коюп, чоң жоопкерчилик жүктөй билген жазуучунун эрдиги десек, экинчи чети, эр мүчөл эрезеге толгон жалпы эле кыргыз адабиятынын ошол кездеги таламынан чыккан иш болчу. Мурда жазылган чыгармалардын бөксө жерлери, чалагайым жактары, адатта адабий көч өр таянып, жаңы ашууну кадуулап калган чакта даанараак көрүнөт эмеспи. Ошондон улам Сыдыкбеков төл башы романына кайрылып, аны жаңы мазмун менен толуктап, учурга үндөштүрө сүйлөтмөкчү болгон. Азыр ал роман "Тоо арасында" деген ат менен бүт өлкөгө белгилүү. Мен анын негизги бөлүгүн – экинчи китебин кезинде орусча которгом. Которуп жатып андан чоң канаат алганымды жашыра албаймын. Баарыдан да романдын тил байлыгы, образдуу айкалыштары, эл турмушун ауэзовдук арымга жакындап барган кеңдик менен көрсөткөн даркандыгы, көркөм деталдарынын дааналыгы жана тактыгы, улуттук боёк-наардын кайталангыс таасындыгы тамшантып, чеберчилик жактан мага жакшы мектеп болду..." Жаш Айтматовдун бул романды орусчага которомун деп отурганы эле чыгарманын канчалык мыкты экендигин айгинелеп турат. Которуу процессинде өзүнө чоң сабак алганы да түшүнүктүү.
Азыркы заман жана "Тоо арасында". Ар заман өз каармандарын жаратат. Жазуучу өзү айткандай, "андагы Ыманбай калпак кийсе, азыр ал кулакчын киет, андагы Ыманбай муңураак, түзүрөөк, тигирээк болсо, азыркылар саал митаамыраак, эбин таап сенден тыйын-тыпыр сурап алганды да билет, мурдагы Ыманбайдын ага эби жок болчу". Мурдагы совет доорундагы адамдар ушул роман сыяктуу "кирпич" китептерди жазданып алып же жайлоого чыгып алып окуса, азыркылар кулагына наушник тыгып алып аудиокитептерди угат. А түгүл, эң окумал европалыктар да ашып кетсе эки жүз беттик романдарды гана окушат. Ушундай шартта, ушундай заманда "Тоо арасында" романынын кийинки тагдырын ойлонбой коё албайсың...