Бишкек мэриясы жер казуу иштерине уруксатты онлайн берген платформаны ишке берди

Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. E-MERIA.KG порталы аркылуу электрондук ордер берүү системасы ишке кирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал шаардагы жер казуу иштерине жана башка кызмат көрсөтүүлөргө уруксат берүү, макулдашуу жана эсепке алуу процесстерин санариптештирүү үчүн иштелип чыккан.
Жаңы система арыздарды кароо мөөнөтүн кыскартууга, процедуралардын ачыктыгын жогорулатууга жана адам факторун азайтууга мүмкүндүк берет. Эми жарандар жана ишкерлер арыздарын электрондук форматта тапшырып, анын жүрүшүн онлайн-режимде көзөмөлдөй алышат.
Мындан тышкары, керектүү уруксат берүүчү документтерди мамлекеттик органдарга барбастан эле онлайн алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Бишкек — Ош жолунда эреже бузууларды аныктаган камералар иштей баштады