БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Франция АКШнын “вассалы” болгусу келбейт. Бул тууралуу Эммануэль Макрон айтканын РИА Новости жазды.
Бейшембиде Франциянын президенти жубайы Брижит менен Түштүк Кореяга эки күндүк иш сапар менен барган.
Ал гегемонияга каршы туруу максатында Европа өлкөлөрүнө жана Бразаилия, Япония, Австралия, Түштүк Кореяга коалиция түзүүнү сунуштоодо. Ошондой эле ал Вашингтондун кайсарлыгы жакпай жатканын кошумчалаган.
Буга чейин Трамптын “Франциянын президентин аялы урат экен” деген сөзүнө Макрон адепсиздик жана орунсуз деп баа берген.