5-апрелге карата аба ырайы

5-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жекшембиде көпчүлүк аймактарга жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көлдө +18...+23, Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Нарын өрөөнүндө +17...+22 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күн күркүрөп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ош калаасында +18...+20 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек — Ош жолунда эреже бузууларды аныктаган камералар иштей баштады