Ит талаган баланы ооруканага жеткирген командир анын абалын сурап, белек берди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын туристтик ротасынын командири Тимурлан Кулназаров иттер талаган бөбөктүн абалын билиш үчүн ооруканага барып, кабар алды.
Бишкек милициясынан билдиргендей, кызматкер жабыркаган Умар менен сүйлөшүп, белектерин тапшырды. Баланын жакындары тартип сакчыга ыраазылыгын айткан. Учурда баланын абалы турукташып, жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду.
Буга чейин командир кызматтык милдетин аткарып жатып, каргашадан кийин бөбөктү дарыгерлерге өзү жеткирген.
Эске салсак, 1-апрелде Бишкектин түндүк тарабындагы Алтын-Казык конушунда короодогу иттер короого капысынан кирип калган алты жашар балага кол салган. Иттер бөбөктүн баш терисин сыйрып, колу-бутун чайнап салып, ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Итке таланган баланы көрүп жашымды тыя албадым. Милиционердин баяны