Саясий таланттардын эң сейреги — чындыкка тике карай билүү. Валентин Фалин 100 жашта

Sputnik
Москва шаарында россиялык мамлекеттик жана маданий ишмер, белгилүү дипломат, "Новости" маалымат агенттигинин жетекчиси Валентин Фалиндин 100 жылдыгына арналган мемориалдык тактасы ачылды. Фалин көп кырдуу талант, тагыраагы, көрүнүктүү партиялык кызматкер, эл аралык деңгээлдеги журналист, окумуштуу, тарыхчы жана публицист болгон.
Иш-чарага РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова, коомчулук, Фалиндин калемдештери, анын тарбиялануучулары, күйөрмандары катышты.
1 / 3

"Саясий таланттардын ичинен эң сейреги — чындыкка тике карай билүү", - деди Россия сегодня" эл аралык медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев Валентин Фалин тууралуу

2 / 3

Валентин Фалин советтик жана чет элдик басылмалардагы көптөгөн макалалардын автору катары "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун маалыматтык ишинин өнүгүшүнө салымын кошкон

3 / 3

Валентин Фалинди эскерүүгө РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова катышты

"Саясий таланттардын ичинен эң сейреги — чындыкка тике карай билүү деген. Валентин Фалиндин журналисттерге, саясатчыларга жана мамлекеттик ишмерлерге калтырган керээзи мына ушунда", — деди "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев мемориалдык тактанын ачылыш аземинде.

Валентин Фалин (1926-2018) 3-апрелде Ленинград шаарында туулган. 1950-жылдардын башынан тартып СССРдин Тышкы иштер министрлигинин тутумунда иштеп, негизинен Германия багыты менен алектенген. Ал кездеги тышкы иштер министри Андрей Громыко үчүн маанилүү тышкы саясий документтерди жана сөздөрдү даярдоого катышкан.
1980-жылдардын аягында "Новости" маалымат агенттигинин башкармалыгынын төрагасы болгон. Эмгек Кызыл Туу орденинин үч жолку кавалери. СССР тарагандан кийин МГИМОдо лекция окуган жана Россия президентинин Ыраазылык каты (2010) менен сыйланган.
Ал советтик жана чет элдик басылмалардагы көптөгөн макалалардын автору катары "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун маалыматтык ишинин өнүгүшүнө салымын кошкон. РФтин эл аралык аброюн чыңдоого жана анын чет өлкөлөрдөгү позитивдүү имиджин калыптандырууга баалуу эмгегин сиңирген.