Итке таланган баланы көрүп жашымды тыя албадым. Милиционердин баяны

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Итке таланган 6 жашар бөбөктү ооруканага жеткирген ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын туристтик ротасынын командири Тимурлан Кулназаров Sputnik агенттигине окуя кандай болгонун баяндап берди.
Ал 1-апрелде кызмат өтөп жүрүп, Фрунзе — Абдрахманов көчөлөрүндө тыгында турган. Ошол маалда ага бир жигит чуркап келип, баланы ит талаганын айтып жардам сураган. Командир бөбөктү эжеси менен дароо унаасына салып оорукананы көздөй жөнөгөн.
"Бала өзүнө келип, көзүн ачып, суу сурап жатты. Шок абалда эле. Жанында ата-энеси жок, эжеси бар экен. Алар кийинчерээк ооруканага жетип келишти. Менин да балдарым бар, бөбөктүн жаны ооруп жатканын көрүп жашымды тыя албадым", — деди ал.
Кулназаров бала операциядан чыкканга чейин атасынын жанында түнкү үчкө чейин болгонун кошумчалады.
"Менин ордумда болгон ар бир милиция кызматкери ушундай кылмак. Ата-энелерди балдарды кароосуз калтырбоого чакырам. Жардам керек болсо милиционерлерге кайрылгыла. Биз ар дайым коопсуздукту камсыздоого болгон күчүбүздү жумшайбыз", — деди командир.
Каргашалуу окуя Бишкектин түндүк тарабындагы Алтын-Казык конушунда болгон. Квартал башчысы окуянын чоо-жайын Sputnik агенттигине айтып берген.
Өзгөндөгү өрт кичинекей төрт бөбөктүн өмүрүн алып кетти