БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкектин түндүк тарабындагы Алтын-Казык конушунда баланы ит талаган окуя боюнча квартал башчысы Талант Айдаров маалымат берди.
1-апрелде үч ит бөбөктүн баш терисин тытып, колу-бутун чайнап салып, учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Айдаровдун айтымында, 1-март күнү кечки бештер чамасында баланы ит талап жатканын бөбөктүн 7-класста окуган эжеси көрүп калып, элди жардамга чакырган. Кошуналар чыга калып бөбөктү таландыдан куткарышкан. Божомол боюнча, бала дубалдын үстү менен бара жатып, кошунасынын эч ким жашабаган үйүнүн короосуна кулап кеткен болушу ыктымал.
"Саат бештен өтүп калганда айылдаштардан "иттер талап кетти" деген кабар келди. Бара калсам, баланы "попутка" машинага салып, үчүнчү көчөгө алып келе жатышкан экен. Ошол жерден мен участкалык кызматкерди (милиционер — ред.) ээрчитип, үйүн караганы бардык", — деди ал.
Квартал башчысы ал үйдө негизи эч ким жашабай, эшиги жабык боло турганын айтты.
"Окуя болгон жерге милиция, криминалисттер, соттук-медициналык эксперттер келишти. Түн ичинде "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери кол салган иттерди атты", — деди Айдаров.
Ал бүгүн эртең менен дагы атылгандарын кошкондо 16 ит жок кылынганын кошумчалады.