Долбоорго ылайык, Жаш гвардия менен Бакаев көчөсү кошулат. Бул үчүн Лев Толстой көчөсүнүн жогору жагындагы машина оңдогон станциялар алынат. Жалпы 64 объект жол курулушу үчүн бузулат.
"Кесилиш ушул жылдын аягына чейин жабык болот. Бул убакыт ичинде жетишип, жолду ачканга аракет кылабыз. Альтернатива катары Бакаев көчөсүнүн темир жол аркылуу өткөн жаңы өтмөгү ачылат", — деди аталган департаменттин жетекчи орун басары Абдыжапаркул Жанболотов.
Айдоочулар бул жерге эстакадалык көпүрө курардан мурда Фучик көчөсүн Лев Толстойго чейин узарткан туура болорун айтууда.