Россия менен Беларуста жаңы "Союзный" телеканалы ачылууда

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Россия менен Беларуста 1-апрелден тарта жаңы "Союзный" телеканалы эфирге чыга баштайт. Ал мурдагы "БелРос" телеканалынын ордун басат.
Канал сутка бою (24/7) иштейт. Россия менен Беларусь көрүүчүлөрү үчүн кабелдик жана спутниктик телекөрсөтүү, OTT-платформалар, ошондой эле интернет аркылуу — VK, Одноклассники, Telegram жана башка сервистерде жеткиликтүү болот.
Маалыматка ылайык, "Союзный" өзүн жөн гана телеканал эмес, медиаплатформа катары көрсөтөт. Долбоордун максаты — биримдикти расмий долбоор катары эмес, турмуштун өзү катары чагылдыруу. Көрүүчү байкоочу эмес, түз катышуучу болуп калат.
Эфирде жаңылыктар, тарых жана маданият тууралуу даректүү тасмалар, атайын аскердик операция, балык уулоо, тамак-аш жана саякат темалары, ата мекендик фильмдер менен сериалдар, илим жана технология боюнча берүүлөр, подкасттар жана аналитикалык программалар көрсөтүлөт.
Маалымат үчүн: "Союзный" телеканалы жана ага байланышкан санариптик ресурстар АНО "Медиакомпания Союзного государства" түзүмүнө кирет. Компания Союздук мамлекеттин Жогорку мамлекеттик кеңеши жана Министрлер кеңешинин токтомунун негизинде союздук ЖМКларды реформалоо алкагында түзүлгөн.
Медиакомпаниянын негизги максаты — биримдиктин бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү. Анын милдеттерине Россия менен Беларустагы жашоо, интеграциялык процесстер, жалпы тарых, маданият жана технологиялар тууралуу теле, интернет жана басма материалдарын даярдоо жана жайылтуу кирет.
Маалымат борбор
Сүрөттү ЖМК үчүн кантип тартуу керек. Фотожурналисттен үйрөнчүктөргө кеңеш