Бишкекте 10 өлкө катышкан MedExpo Kyrgyzstan көргөзмөсү өтүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкекте саламаттык сактоо тармагына арналган ХХ эл аралык адистештирилген MedExpo Kyrgyzstan — 2026 көргөзмөсүнүн ачылышы өттү. Ага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты.
Көргөзмө 31-марттан 2-апрелге чейин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында болот. Ага 10 өлкө: Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Латвия, Пакистан, Польша, Россия, Өзбекстан жана Түштүк Кореядан келген 90дон ашуун компания катышууда.
MedExpo Kyrgyzstan саламаттык сактоо тармагындагы негизги кесиптик аянтчалардын бири болуп саналат. Ал мамлекеттик органдардын, медициналык коомчулуктун жана бизнестин ортосундагы кызматташтыкты жеңилдетип, заманбап технологиялар менен чечимдерди медициналык практикага киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Министр белгилегендей, көргөзмө өткөн жылдары тажрыйба алмашуу, инновациялык ачылыштарды көрсөтүү жана кесиптик диалогду өнүктүрүү үчүн натыйжалуу платформа катары өзүн көрсөттү.
"Бүгүнкү күндө саламаттык сактоонун өнүгүшү заманбап технологияларды киргизүү, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана анын ар бир жаран үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен түздөн-түз байланыштуу. MedExpo сыяктуу аянтчалар тажрыйба алмашуу жана алдыңкы чечимдерди практикага киргизүү аркылуу бул процессти ылдамдатууга мүмкүндүк берет", — деди ал.
Көргөзмөдө медициналык жабдуулар, фармацевтикалык каражаттар, медициналык аппараттар, реабилитациялык жана физиотерапиялык чечимдер, ошондой эле санариптик жана IT-технологиялар көрсөтүлөт. Өзгөчө көңүл чет өлкөлөрдүн улуттук экспозицияларына бурулду.
MedExpo Kyrgyzstan 2026 алкагында эл аралык эксперттердин катышуусу менен ишкердик программа да өтүүдө. Анда медициналык уюмдарды башкаруу, санариптештирүү жана саламаттык сактоого заманбап ыкмаларды киргизүү маселелери талкууланууда. Көргөзмө саламаттык сактоо системасын модернизациялоого колдоо көрсөтүүгө, медициналык технологиялар рыногун өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташууну бекемдөөгө багытталган.
Маалымат борбор
Россия Кыргызстанга медицина жаатында кызматташууда эмне сунуштап жатат