БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Чечим бүгүн жыйында анын арызынын негизинде кабыл алынды.
Буга чейин Жаныбек Асанбеков Орто-Сай айылындагы көрүстөндүн жанында мыйзамсыз курулуштар жүрүп жатканын айтып, сындаган. Ал 2024-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп “Эмгек” партиясынан шайланган.