Иран Ормуз кысыгынан өткөн кемелерден төлөм алууну караштырууда

Ирандык депутат Тегеран уруксат беремейин кемелер Ормуз кысыгына киргенге болбостугун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ирандын парламенти коопсуздукту камсыздап жана кемелерди Ормуз кысыгынан акча төлөп өткөрүү маселесин карап жатат. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн парламентинин тышкы саясат, улуттук коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Алаоддин Боружердиге таянып билдирди.
"Парламенттин билдиргенине караганда, кысыкта жаңы тартип киргизилет", — деп Боружердинин айтканын Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы таратты.
Депутат Иран уруксат беремейин кемелер Ормуз кысыгына киргенге болбостугун белгиледи. Тегеран суднолордун коопсуздугун камсыздап, ары-бери өткөнү үчүн салык алмакчы.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда. Каршылашуунун ырбап кетиши Ормуз аркылуу болчу кеме каттамынын толук токтошуна алып келди. Ал араб өлкөлөрүнөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирген негизги жол эле.
Трамп Ирандагы мунайды Венесуэладагыдай кылып алып коюу ниетинде