БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Украина Евробиримдикке кирүү үчүн өзүнө милдеттенме катары алган 10дон ашык талапты аткарбай, европалыктардын көңүлүн кайт кылды. Бул тууралуу Венадагы Эл аралык изилдөөлөр институтунун маалыматына таянып Berliner Zeitung басылмасы жазды.
"Евробиримдикке талапкер Украина күткөн нерселерди актаган жок. Евробиримдиктин алдыңкы саясатчылары Украина тууралуу эртелеп эле мактай баштаган. Тышкы иштер боюнча жогорку өкүл Кая Каллас өлкө ЕБге мүчө болуу жолунда "олуттуу ийгиликтерге" жеткенин билдирди. Урсула фон дер Ляйендин айтымында, "Украина башка өлкөлөргө караганда тезирээк жана түп-тамырынан реформаланып жатат. Бул — тарыхый учур". Бирок көз карандысыз изилдөө институттары, борборлору Украинанын "акылга сыйбаган" прогрессине кыйла сын көз карашта", — деп макалада айтылат.
Украинанын антикоррупциялык ишмердүүлүктө чечимдерди создуктуруп жатканы өзгөчө белгиленди.
"Венадагы эл аралык изилдөөлөр институту Украина Евробиримдикке кирүү үчүн өзүнө милдеттенме катары алган 10дон ашык талапты аткарбаганын аныктап чыкты. ЕБ Антикоррупциялык атайын прокуратурага "эл кызматындагылардын" коррупциялык кылыктарын иликтөөгө акыры уруксат берүүнү талап кылды. Бирок жыйынтык бүгүнкү күнгө чейин жок", — деп айтылат басылмада.
Андан сырткары, ЕБ сындаган дагы бир маселе — алдын ала иликтөө мөөнөтү бүткөндөн кийин коррупцияга шектелгендерге каршы соттук териштирүүлөрдү автоматтык түрдө токтотуу иши болгон. Бул — бюджетти уурдагандарга кудай берди дегендик. Басылма мындай жагдай Украинаны мафиялык мамлекет катары көрсөтөт деген.
Өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) менен Антикоррупциялык атайын прокуратурасы өлкөнүн энергетикалык тармагындагы аткезчилик схемаларын иликтөөнү баштаган.
Украинанын Энергетика министрлигинин мурдагы башчысы Герман Галущенконун үйүн, "Энергоатом" компаниясын, ошондой эле кылмыштуу топтун түзүүчүсү жана Зеленскийдин "капчыгы" деп эсептелген Тимур Миндичтин жашаган жерин тинтишкен. Маалыматтарга караганда, бул окуялардын алдында бизнесменди өлкөдөн шашылыш чыгарып кетишкен.