БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Дүйшөмбүдө, 30-мартта, күндүз республика боюнча күн ачык болуп, жаан жаабайт. Бул тууралуу синоптиктер билдирди.
Бирок айрым бийик тоолуу жерлерде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Абанын температурасы Чүйдө 22…27, Талас облусунда 18…23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 21…26, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө 14…19 градус жылуу болот.
Термометр Бишкекте 24…26, Ош шаарында 23…25 градусту көрсөтөт.