БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинага берилчү коопсуздук кепилдиги өзөктүк куралды да камтышы керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости "Страна.ua" басылмасына таянып жазды.
Киев режиминин башчысы бул талабын көпчүлүктүн "өзөктүк державаны жеңүү мүмкүн эмес" дегени менен түшүндүргөн.
"Демек, бизге силердин "НАТОну да, өзөктүк куралды дагы беребиз" деген сөзүңөр керек", — деген Зеленский.
Эскерте кетсек, 24-февралда Россиянын Тышкы чалгын кызматынын маалымат бюросу Киев режими аркылуу Россияны "согуш талаасында" жеңе албастыгын түшүнгөн Улуу Британия менен Франция Украинага "күчтүү аргументке" ээ болуусуна жардам берүүнү эп көрүп жатышканы боюнча чукул кабар тараткан. Бул "аргумент" Киевге согушту өзүнө пайдалуу болгон шартта аяктоого шарт түзөрү айтылган. Чалгын кызматынын маалыматы боюнча, мында кеп жок эле дегенде радиологиялык курал тууралуу болуп жатат, ошол эле учурда толук кандуу өзөктүк курал берүү да каралууда. Лондон менен Париж Украинага жабдуу жана технологияларды жашыруун берүү маселесин иштеп чыгып жатканы айтылды. План боюнча, натыйжада мындай куралды украиналыктар өздөрү жасап чыгаргандай болуп көрүнүшү керек.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Украинанын өзөксүз макамын кайра кароого, ага ээ болуусуна жол берилбей турганын айткан. Ал Украинанын өзөктүк куралдуу болушуна көрсөтүлгөн жардам Россиянын коопсуздугуна чоң коркунуч катары бааланып, түртмөлөгөндөр кескин жоопко туш болорун эскерткен.