БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын коопсуздук кепилдигин берер-бербеси Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донбасстан чыгарылышынан көз каранды деп жалган айтууда. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марко Рубио журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул калп. Минтип айтканы өтө өкүнүчтүү. Эгер украиндер анык бир чечим кабыл алууну, кайсы бир нерседен баш тартууну каалабаса, согуш улана берет", — деди ал.
Рубио АКШ Украинага Россиянын Донбасс боюнча позициясын жеткиргенин, кийинки кадамды Киев жасашы керектигин кошумчалады.
Мамкатчы АКШ коопсуздук кепилдигин согуш токтомоюнча бербей турганын белгилеген. Анын айтымында, Зеленский мындан кабардар.
Рубио муну менен бирге Россия өзөктүк куралга ээ кубаттуу держава болгондуктан, Вашингтон үчүн Москва менен байланыш каналдарын сактап калуу өтө маанилүү экенине да токтолду.
Эскерте кетсек, буга чейин Владимир Зеленский АКШ коопсуздук кепилдигинин ордуна Донбасстан Куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылганын, Киев буга макул эместигин билдирген.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери Россия, АКШ жана Украина делегациялары сүйлөшүүнүн үч айлампасын өткөрдү. Акыркысы 17-18-февраль күндөрү Женевада болгон. Маалыматтарга ылайык, тараптар эч кандай документтерге кол койгон эмес. Кийинки жолугушуунун убакыт-сааты боюнча азыркы учурда эч нерсе айтыла элек.