БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкекте эми көп кабат тамдардын короосуна жеңил курулуштарды салууга чектөө коюлду.
Курулуш, архитектура жана турак жай чарба министрлигинин буйругу менен эми ал жерлерге соода күркөсүн, павильон, бастырма, металл тенттерди, гараж орнотууга болбойт.
Бул чара шаардыктардын мындай объектилерди мыйзамсыз салуусуна карата кайрылуусунан улам болгондугун билдиришти. Ал эми буга чейин орнотулган курулуштардын тагдыры эмне болорун так айтышкан жок.