БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Мектептерге электрондук каттоо 1-апрелден тарта башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Ведомство бекиткен тартипке ылайык, мектепке 2019 жана 2020-жылдары төрөлгөн балдар кабыл алынат. 8 жаштан жогорку курактагы же документи жок балдар атайын комиссиянын чечими менен кабыл алынат.
Каттоо эки этап менен өтөт. Биринчи этап 2026-жылдын 1-апрелинде саат 10:00дө башталып, мектептин аймагында каттоосу бар балдар кабыл алынат. Экинчи этап 1-июнда башталып, бош орундарга каттоого карабастан кабыл алуу жүргүзүлөт.
Балдар 1mektep.edu.gov.kg платформасы аркылуу катталат. Система балдардын маалыматтарын автоматтык түрдө иштеп чыгып, “Түндүк” аркылуу текшерет.
Белгилей кетсек, 1-класска кабыл алууда тест, экзамен же маектешүү өткөрүүгө тыюу салынат.