БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкектин борборундагы белгилүү "Ак-Суу" павильону оңдоп-түзөөдөн кийин кайра ачылуу алдында турат.
Имараттын сырты жасалгаланып, ички көркөм сүрөттөрү жана "Башына мөмө көтөргөн кыз" аттуу скульптурасы калыбына келтирилди. Буга чейин бул жерде улуттук колориттеги кофейня, балдар үчүн легендарлуу газдалган суусундуктар жана балмуздак сатылуучу жай ачылары айтылган.
"Ак-Суу" павильону 1949-жылы курулган. Ал эми 2025-жылы муниципалитет аны үч жылдык мөөнөткө жеке ишкерлерге өткөрүп берген.