БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. АКШ менен Израиль Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер-Галибаф менен тышкы иштер министри Аббас Аракчини көзүн тазалоо керек болгон адамдардын тизмесинен 4–5 күнгө убактылуу чыгарышты. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы америкалык аткаминерлерге таянып жазды.
Маалыматка караганда, мындай кадам АКШ президенти Дональд Трамп ортомчу болушу мүмкүн болгон тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн мүмкүнчүлүгүн карап көрүү үчүн жасалды.
"Өлтүрүү үчүн бутага алынгандардын тизмесине кирген Мохаммад Багер-Галибаф жана Аббас Аракчи төрт-беш күнгө чейин ал тизмеден чыгарылды. Анткени Дональд Трамп согушту токтотуу үчүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө жол ачууда", — деп жазды басылма.
Трамп дүйшөмбү күнү АКШ менен Ирандын ортосунда өтө позитивдүү жана жемиштүү сүйлөшүүлөр болгонун билдирген. Ал Пентагонго Ирандын энергетикалык инфраструктурасына сокку урууну беш күнгө жылдырып турууну тапшырганын айткан.
Ошол эле күнү Галибаф АКШ менен эч кандай сүйлөшүү болбогонун айтып, мындай маалыматтарды манипуляция үчүн таратылган фейк деп атаган.
Шейшемби күнү америкалык лидер сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Иран өзөктүк куралга ээ болуу пландарынан түбөлүк баш тартууга макул болгонун айткан. Ошондой эле ал ислам республикасында жаңы лидерлер бийликке келгенин, муну менен өлкөдө саясий режим өзгөргөнү жөнүндө сөз кылууга болорун кошумчалаган. Ошол эле күнү Трамп Иран тараптан Ормуз кысыгына байланыштуу баалуу "белек" болгонун айтып, бирок анын чоо-жайын ачыктаган эмес.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп жатканы кабарланууда.