Кыргыз эл артисти Абдыкалык Акматов дүйнө салды

Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргыз эл артисти, театр жана кино актёру Абдыкалык Акматов дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук драма театрынан билдиришти.
72 жаштагы актёр көптөн бери оор илдет менен алышып келген. Абдыкалык Акматовго жакында эле президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылган.
Акматов бир катар эмгеги менен "Кербез" тасмасында Токтогул Сатылгановдун, "Курманжан датка" фильминде Элтойдун, Артык Сүйүндүковдун "Кайчылаш жолдор" тасмасында Дөөлөс чабандын ролу элдин эсинде менен калды.
Актёр Абдыкалык Акматовдун жубайы: апам мени бербейм деп үч күн ыйлаган