Бишкектин батышындагы эки көчөнүн тилкесинде оңдоо иштери башталат

Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы Дэн Сяопин проспекти менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы оңдоо үчүн бир нече күнгө жабылат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Жол иштери иштери 26-31-мартка пландалган. Бул күндөрү асфальт жаңыланып, кудуктар жана жамгыр суусун куюлуп түшчү торлор оңдолуп, жолдун деңгээлине ылайык тегизделерин айтышты.
Мэриядан бул транспорттун жүрүшүн ыңгайлуу кылууга жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталганын кошумчалашты.

Муниципалитет шаардыктарды убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранды.