20 млн. сомдук зыян. ИИМ Бишкектеги ири алдамчылык схемасын ачыктады

Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. ИИМ кызматкерлери ири алдамчылык схемасын ачыктаганын кабарлады.
Укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган киши "Феникс" компаниясы менен О.Н. аттуу аялга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, аял 2026-жылы ишенимге кирип, кешбэк алып берем деп 34 500 сомун алып, из жашырып кеткен.
"Алдамчылык" беренеси боюнча иш козголуп, колго түшүрүлгөн 46 жаштагы О.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүнкү күнгө чейин анын үстүнөн 26 адам арыз жазган. Келтирилген зыяндын суммасы болжол менен 20 миллион сомду түзөт. Жабырлануучулардын саны мындан да өсүшү мүмкүн.
Келинден жапа чеккендер 0 702 717 308 номери аркылуу байланышка чыга алат.
Бишкекте жарандан 90 миң доллар шыпырып кеткен деп адвокат аял кармалды