БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. АКШ Ирандын парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибафтын талапкерлигин өлкөнүн лидерине карап жатат. Бул туурасында Politico Ак үйдөгү сүйлөшүүдөн кабары бар кишиге таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ирандын президенти аскердик басым-кысымдан баш тартып, тынчтыкка диалог менен жетүүгө баш коюп жаткандыктан Трамптын администрациясы парламенттин спикерин потенциалдуу өнөктөш жана болочоктогу лидер катары карап жатат", — деп маалыматта айтылат.
Автор америкалык тараптын сүйлөшүү үчүн өнөктөш издеп жатканын жаңжалды соңуна чыгарууга жасаган аракети катары караган.
23-мартта Трамп Пентагонго Иран аймагындагы энергетикалык объектилерге чабуулдарды токтотууну тапшырганын билдирди. Анын айтымында, Вашингтон менен Тегеран "жемиштүү, натыйжалуу" сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, бирок азырынча соңуна чыга элек.
Бирок Ирандын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүнү четке кагып, чабуулду токтотуу чечими жөн гана энергетика ресурстарынын баасын төмөндөтүү, согуштук пландарды ишке ашыруу үчүн убакыттан утуу аракети болушу мүмкүн экенин белгиледи.