БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин жетекчилигине жана бардык милиция кызматкерлерине эскертүү берди.
Нарын шаарындагы жаңы ИИБ имаратынын ачылышында ал тартип сакчылары өз ишинде адилеттүүлүк жана калыстык принциптерин сактоого тийиш экенин билдирди.
“Адилетсиздик болбошу керек, айрыкча милиция тарабынан. Адамдарды сабоого, күнөөсүздөрдү күнөөлүү кылууга болбойт. Жарандардын бийликке болгон ишеними түздөн-түз милициянын, сот системасынын, УКМКнын жана прокуратуранын ишинен көз каранды. Эгер эл силерге ишенсе жана ыраазы болсо, демек, силер аркылуу мага да ишенет”, — деди өлкө башчы.
Жапаров ар кандай адилетсиз аракеттер кесепеттерге алып келерин белгиледи.