БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында жылуулук берүү 25-марттан тарта токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Ошондой эле 1-апрелден 10-майга чейин оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Белгилей кетсек, жылуулук абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан жогору болгон учурда өчүрүлөт.