Бишкекте "Ынтымак ордонун" жанында "Манас" маданий борбору курула баштады

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкекте "Манас" маданий борборунун курулушу башталганын өлкө башчынын иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы борбор "Манас" театрынын жанына салынат. Ал үчүн эки гектар жер бөлүнгөн. Долбоорго ылайык үч кабаттуу көп функционалдуу комплекс түшөт.
"Биринчи кабатта 500 орундуу заманбап банкеттик зал, экинчи кабатта 1300 орундуу чоң концерттик зал, үчүнчү кабатта улуу баянга арналган көргөзмө музей жайгашат", — деп айтылган маалыматта.
Курулуш быйыл декабрда толук аяктап ишке берилет.
Саякбайды баатырлар кайып кылып өздөрү менен кошо алып кетсе керек... 10 факт