Ош шаары дүйнөлүк маданияттын ордосу болмокчу. Маматалиевдин Нооруздагы сөзү

Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Ош калаасынын кадыр-баркы дагы жогорулап, келечекте Борбор Азиянын эле эмес, дүйнөлүк маданияттын ордосу болоруна терең ишенем. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ош шаарындагы Нооруз майрамына арналаган салтанатта айтты.
1 / 8

Ош калаасынын кадыр-баркы дагы жогорулап, келечекте Борбор Азиянын эле эмес, дүйнөлүк маданияттын ордосу болоруна терең ишенем

2 / 8

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ош шаарындагы Нооруз майрамына арналаган салтанатта айтты

3 / 8

Ош шаарында Нооруз майрамы борбордук аянтта сүмөлөк ачуу менен башталды

4 / 8

Иш-чарага катышкан Оштун мэри Жанарбек Акаев, ЖК спикери Маматалиев жана облус башчысы Аманкан Кенжебаев энелердин ак батасын алып, ынтымак, береке жана молчулук тилеп, сүмөлөктөн ооз тийишти

5 / 8

Ош шаарындагы Нооруз майрамы

6 / 8

Ош шаарындагы Нооруз майрамы

7 / 8

Ош шаарындагы Нооруз майрамы

8 / 8

Ош шаарындагы Нооруз майрамы

Спикер алгач борбордук аянттагы элди Нооруз майрамы менен куттуктап, ак элечекчен энелердин колунан даам сызды.
Маматалиев Ош – үч миң жылдан ашуун тарыхы бар, Кыргызстандын эң байыркы шаарларынын бири экенин баса белгиледи.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ош шаарынын экономикалык, илимий жана маданий багытта өнүгүүсүнө жигердүү колдоо көрсөтүп келе жатканын мисал кылды.

"Социалдык мекемелер курулуп, айлык маяналар, пенсия, жөлөк пулдар эселеп көтөрүлүүдө. Иш орундары түзүлүп, инфратүзүмдөр жакшырууда. Албетте, бул чек эмес. Ынтымак жана биримдиктин туусу астында алга карай умтулсак, жакынкы аралыкта Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекетке айландыра алабыз. Андыктан бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, эгемен өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн талыкпай эмгектенели", — деди Маматалиев.

Ош шаарында Нооруз майрамы борбордук аянтта сүмөлөк ачуу менен башталды. Иш-чарага катышкан Оштун мэри Жанарбек Акаев, ЖК спикери Маматалиев жана облус башчысы Аманкан Кенжебаев энелердин ак батасын алып, ынтымак, береке жана молчулук тилеп, сүмөлөктөн ооз тийишти.
Жаркын келечекке дагы бир даңгыр жол чабабыз. Жапаровдун Нооруздагы куттуктоосу