Путин Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында айтылды.

Анда Жапаров менен бирге кыргыз элине да куттуктоо жолдонгон. РФ лидери эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги өз ара мамилесин белгилеп, алака мындан ары да бекемдээрине ишеним арткан.
"Жаз майрамы – Ноорузга карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген. Эки тараптуу байланыштардын бүткүл комплексинин мындан аркы өнүгүшү биздин достук элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерине, Борбор Азияда коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталганына ишенем", – деп айтылган куттуктоодо.
Ошондой эле Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Палестина, Иран, Иордания, Сауд Арабиясы, Алжир мамлекеттеринин башчыларын да куттуктаган.
Жаркын келечекке дагы бир даңгыр жол чабабыз. Жапаровдун Нооруздагы куттуктоосу