Жапаров Нарындагы Ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын ачты

Өлкө башчы Кыргызстан боюнча Ички иштер министрлигине тиешелүү баш-аягы 26 объект онлайн ишке кирип жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бүгүн Нарын шаарынын ички иштер бөлүмүнүн төрт кабат жаңы имараты ачылып, ага президент Садыр Жапаров катышты.
Өлкө башчы бүгүнкү иш-чарада Ички иштер министрлигине тиешелүү дагы 26 объект онлайн ачылып жатканын, алар дагы ишке кирерин билдирди. Имараттар Нарын облусунан тышкары, Баткен, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй аймактарына салынган.

"Жер-жерлерде жаңы ачылып жаткан "айылдык бөлүмчөлөрдүн" өзгөчөлүгү — бир жагында кызматкердин иш бөлмөсү болсо, экинчи жагында ошол эле кызматкер үй-бүлөсү менен жашоого бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, атайын долбоор менен курулган. Кызматкерлер батирден батирге көчүп же дагы башка турмуштук убаракерчилик тартпасын деп ушундай заманбап шарттарды түзүп бердик", — деди Жапаров.

Жаркын келечекке дагы бир даңгыр жол чабабыз. Жапаровдун Нооруздагы куттуктоосу