Кыргыз ай санагы. Күн менен түндүн теңелишинен башталган жыл. Айлардын чечмелениши

Кыргыздар өткөн доорлордо илимий билимге ээ болбогону менен табият, коом, астрономия тууралуу өз түшүнүгү болгон. Айрыкча ай санак, күн санак, жыл санактары өзгөчө кызыгууну жаратат. Ноорузда күн менен түн теңелерин ошондо эле белгилешкен эмеспи.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан радиосунда Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору Жумакадыр Карамолдоев болуп, кыргыздын ай санагынын мааниси, келип чыгышы, кандай эсептелери тууралуу сүйлөштүк.
— Кыргыздардын илгертен эле, азыркыча айтканда, календарь тууралуу билими болгон. Борбор Азия элдери менен катар 21-мартта күн менен түн теңелерин билип, жаңы күн катары белгилеп келишкен эмеспи...
Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору Жумакадыр Карамолдоев. Архив
— Туура, адамда эң негизги категориянын бири — мезгил жана мейкиндик. Биздин календарда ушул эки түшүнүк тең камтылган. Бардык жерде эле андай боло берген эмес. Учурда ай санакты чечемелөөнүн көптөгөн варианттары бар. Алардын ичинен терең талдоого алынган варианттар да жолугат. Кыргыздын баалуу мурасы эпостордо да кездешет. Кенже эпостордун башаты "Кожожашты" алсак, мерген Сур эчкини кубалап жөнөгөндө бийик алкактагы жалама зоокага чейин токойдон, шалбаадан өтөт. Кыргыз окумуштуусу Жусуп Баласагын дагы "Кут алчу билим" китебинде планеталардын баары ааламдын чамгарагында айланганын жазып, ар бирөөнүн белгиси бар экенин көрсөтүп кеткен. Демек, кыргызда космос тууралуу түшүнүк болгон. Кадимкидей эле жылды, анын ичинде төрт мезгилди үч айдан бөлүп эсептеген. Буга абдан көңүл буруу керек. Биздин тарыхыбыз 3000 жылдан ары экенин билебиз. Мамлекет болуу үчүн календарь маанилүү. Ай санагы жок мамлекет мамлекет боло алган эмес. Ал эми бизде болгон. Кыргыздын жаңы жылы Нооруздан башталат. Күн менен түн теңелет да, 21-марттан ары карай күн узарып, түн кыскара баштайт. Жыл ичиндеги 365 күндү кыргыздар мезгил боюнча 91 күндөн бөлүшкөн. Анан жалган курандын (март) 21и 365 күндүн башына туура келип, жылдын башталышы катары эсептелген. Дагы бир кызыгы — жаз келер маалда күн Тараза жылдызынын оң жагынан өтүп батмайынча эл бир жерден экинчи жерге көчкөн эмес экен.
— Эми кыргыз айларынын аталыштарына келсек, эмне себептен кийиктердин аты менен аталып калган. Аны ким тактап, ким койгон? Маанисин чечмелеп берсеңиз...
— Календариум латын тилинен которгондо "карыз китеп" дегенди билдирет. Биз аны "ай санак" деп гана атап койдук. Календарь — бул жыл ичиндеги күндөрдү эсептөө системасы. Кыргыздардын мекендеген жери өтө татаал. Жерибиздин 96 пайызы тоо. Мына мартты жалган куран айы дейбиз. Балдардан "куран деген эмне" десем, "китеп" дешет. Жок, кыргызда куран деп эликтин эркегин да атаган. Куран бийиктик алкагында токойго чейинки чөлкөмдү байырлайт. Кыргыздын ай санагында айлар эркек кайберендердин атынан коюлганы да бекеринен эместир. Себеби аңчылык доордо мергендер негизинен кайберендердин эркектерине аңчылык кылып, төлдү сакташ үчүн ургаачысына тийбегенге аракет кылышкан. Акыркы изилдөөлөргө таянсак, кызыгы, ай санактагы беш кайберендин (куран, бугу, кулжа, теке, оона) жашоо чөйрөсү Ала-Тоонун беш табигый бийиктик алкагына дал келет. Тоо этектери (бийиктиги 600 метрге чейин), бөксө тоолор (бийиктиги 600-1200 м), орто бийиктиктеги тоолор (1200-2200 м), бийик тоолуу (2200-3500 м), нивалдык – көп жылдык тоң (3500 метрден жогору), бийик климаттык алкак. Көчмөн эл улам бийиктеп көчүп отуруп, аталган алкактардан өтүп, аларда жашаган кайберендерди жолуктурат да, ал өсүмдүк өспөгөн эң бийик аска-зоолор менен аяктайт. Жаратылыштын өзгөрүшүнө, убакыттын өтүшүнө ылайык, жандыктардын жашоосу да ошондой шартталган. Ай аттары да мына ушуга байланыштуу коюлган. Көчмөн эл да жалган куран айында куран, элик байырлаган аймакта жашайт. Башкача айтканда, күн жакшы жылымайынча токойдон ары өткөн эмес. Бул айларда өйдөкү зоналарда кар жаңыдан кетип, чөп деле жок болот. Күн жылыган сайын улам ийинки мейкиндик жашылданып, от пайда болот да.
— Азыркы март айын, башкача айтканда, Нооруз туш келген жаңы күн — жалган куран, ал эми апрель чын куран деп аталат. Эмне үчүн жалган, анан чын деп бөлүнгөн?
— Жалган куран айында курандын мүйүзү түшүп, ургаачысына окшош болуп калат. Ал эми чын куран мүйүзү өскөн учуру. Демек, апрелде мүйүзү өсүп калат. Айларга аты берилген жаныбарлар "оона" менен жыйынтыкталат. Жогоруда айтып кеткендей, эки алкак келтирилген. Бул кайберендер жалган куран айында тоо этектеп жүрүшөт, ал эми чын куран айында шалбаада болушат. Андан кийинки бугу — бул токой жаныбары. Ал ийне жалбырактуулар менен тамактанат. Демек, кайберендер бири-биринин тамагын талашпайт. Анан улам температура жогорулап жүрүп отуруп, альп шалбааларына барабыз. Ал жерде кулжа (ургаачысы аркар) жашайт. Башкача айтканда, жайлоо. Климаттык шартка байланыштуу токойго чейинки шалбаа менен токойдон кийинки шалбаанын айырмасы бар. Токойго чейин чөбү узун, ал эми токойдун үстүңкү шалбаа чөбү жапыз болот. Бугу айынан тарта эл малдын аркасынан алыскы төрлөргө бет алышкан. Аска-зоокалуу эң бийик мейкиндикте теке байырлайт. Бул айда көч жетер жерине жетип, барчу жерине барып, отурукташып жайланышат. Себеби андан жогору жакты мөңгүлөр гана ээлейт. Ошентип эл баш оона айында (сентябрь) ылдый түшө баштайт. Бул мейкиндикти жейрендин эркеги — оона мекендейт. Баш оона айында ооналар бөксө тоолордун кыр-кырларында ысыктан качып, от издеп бириндеп жүрүшөт. Түздүктүн жаныбары болгонуна байланыштуу токой алкагынан жогору көтөрүлө албайт. Бул айда бийик тоолуу аймактарга муз тоңуп, чөптү кыроо басып, мал оттогонго тоскоолдук жаралат. Жаратылыш кубулушуна байланыштуу эл малын айдап бийик төрлөрдөн ылдый, жылуураак жерге түшө баштайт. Ошол мезгил аяк оона (сентябрь) айына туш келет. Ооналардын төлдөө маалына туш келгендиктен алар тоолордон түздүккө түшүп, куут бүткүчө ошол аймакта жүрүшөт. "Аягы оонап калды" деген сөз да ошол, алыс бара албай үйүргө байырлап калат. Бул айдын 22синде кайрадан күн менен түн теңелет.
— Андан кийин тогуздун айы, жетинин айы, бештин айы, үчтүн айы, бирдин айы деген сандар менен аталган айлар кетет эмеспи...
— Айрым географтардын божомолу боюнча, көбүнчө жашоо-турмуш, коомдук-саясий, салык маселелерин так чечүүгө байланыштуу болуш керек. Кеч күздө, кышта негизги киреше мал аркылуу келгендиктен салыкты эл четинен кемитип мал менен төлөп турган. Тогуздун айында токчулук мезгил болуп, малды тогуздап чектегенге жана алганга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул Жусуп Баласагындын китебинде да жазылган. Ал эми калган айларда салыкты жалпы тогуздан экини кемитип отурган. Мисалы, жетинин айына жетини калтырып, кыштын аягындагы бирдин айында тогуздун бир бөлүгүн төлөйт. Мунун да өзүнүн эсептөө коэффициенти болгон. Бул эми ошол кездин жашоо мыйзамы. Кыш мезгилиндеги жашоо шартына, образына карай да айлардын аты аталган. Мен жогоруда эпосторду мисал келтирип жатканым да бекеринен эмес, кыргыздын эсеп-кысабы, ай санагы да ошол чыгармаларда айтылат.
Чүкө — адам баласынын эң алгачкы оюнчугу. Окумуштуу менен маек