Бирөөнү капа кылган болсом кечирим сурайм. Ташиевдин айт намаздагы видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев айт намазын Бишкектин Жал кичи районундагы "Махмуд Кашгари" мечитинен окуду.
Андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип, элге куттуктоо жолдогон.
"Бирөөнү капа кылган же туура эмес мамиле кылган болсом, айт намазынын урматына кечирим сурайм. Орозо учурунда жалган жана туура эмес маалымат тараткандарды дагы кечирдим. Мындан ары андай кылышпасын", — деди Ташиев.
Эскерте кетсек, атайын кызматтын мурунку жетекчиси Кыргызстанга кайтып, ИИМге суракка кирип чыгып, тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо боюнча тил кат жазып берген. Азырынча анын кайсы иш боюнча жана кандай макамда суралганы расмий айтыла элек.
Күчүбүз — биримдикте! Жапаров элди куттуктап, айт намазга катышты