Ош менен Бишкек шаарларында кийинки аптада жылуулук өчүрүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Республикалык маанидеги эки калаада эмки аптада жылуулук өчүрүлөт. Бул тууралуу шаар бийликтери билдирди.
"Бишкек жылуулук тармагы" абанын табы 5 күн катары менен +10℃ болгон учурда жылуулук берүү токтотуларын, мындай аба ырайы кийинки жумада болорун маалымдады.
Ал эми Ош мэриясы жылуулук 23-марттан тарта өчүрүлөрүн, буйрукка шаар мэри Жанарбек Акаев кол койгонун кабарлады.
Орунтаев Ош шаарындагы бир да курулуш токтобой турганын айтты