БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.
РФ лидери бул майрам кылымдар бою ыймандуулардын адеп-ахлактык жактан жетилүүгө, боорукердикке жана ырайымдуулукка умтулуусун чагылдырып, аларды исламдын түбөлүктүү баалуулуктарына багыттап келерин белгиледи.
"Мекендин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн согуш талаасында куралдаштары менен катар күрөшүп жаткан, ошондой эле баатырлардын жакындарына колдоо көрсөтүп жаткан ислам дининин өкүлдөрүнө өзгөчө ыраазычылык билдирем", — деген Путин.
Ошондой эле ал Россиядагы мусулмандар ата-бабалардын тарыхый жана руханий салттарына терең урмат менен мамиле кылып келишкенин белгилеген. Алар үй-бүлө институтун бекемдөөгө, жаштарды тарбиялоого салым кошуп, патриоттук, билим берүү жана гуманитардык демилгелерди ишке ашырууга туруктуу көңүл бурушарын айткан.