БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Пентагон Иранга байланыштуу маселеде АКШ Конгрессинен кошумча 200 миллиарддан ашык каржылоо сураган учурда Ак үйдүн аларга колдоо көрсөтүүсүн өтүндү. Бул туурасында бийликтеги аткаминерлерге таянып Washington Post басылмасы жазды.
"Абалды жакшы билген үч маалымат булактын айтымында, Пентагон дал ушундай көлөмдөгү каржылоо пакеттерин алууга аракет кылып жатат. Бул сумма учурдагы ири масштабдагы аба чабуулдарына кеткен чыгымдардан кыйла ашып түшүп, кескин көбөйүп кеткен керектөөгө байланыштуу өзгөчө маанилүү ок-дары өндүрүшүн тездетүүгө багытталган", — деп айтылат макалада.
Басылма Ак үйдөгү бир катар жетекчилер Конгресс бул суроону канааттандырарынан шек санап жатканын жазды. Соңку эки аптада Пентагон каржылоо боюнча бир нече альтернативалык сунуштарды киргизгени маалымдалды.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы 2026-жылдын 28-февралынан бери уланып келе жатат. Тараптар бири-бирине сокку урууда. Тель-Авив максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин айтса, Вашингтон өлкөнүн аскердик потенциалын жок кылам деп коркутуп, элин бийликти кулатууга үндөгөн. Ал эми Иран коргонууга даяр экенин белгилеп, сүйлөшүүлөрдү жандантууга зарылдык жок экенин кошумчалаган.