Ливанда россиялык журналисттин жанына израилдик ракета түштү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ливандын түштүгүндө россиялык журналист Стив Суини репортаж жүргүзүп жаткан маалда жанына ракета түшкөн. Бул тууралуу RT телеканалынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, соккудан журналист менен оператор жаракат алып, Ливандагы ооруканага жеткирилген.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Газа тилкесинде жүздөгөн журналисттердин өлүмүнүн фонунда бул окуяны кокустук деп айтууга болбойт. Ракета маанилүү стратегиялык аскердик объектиге эмес, дал репортаж жүрүп жаткан жерге түшкөн.
Израиль аскерлери үзгүлтүксүз чабуул жасоого даярданууга тапшырма алды