"Бүт жок кылабыз". Израиль армиясына ирандык аткаминерлерди өлтүрүүгө уруксат берди

Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Израилдин Коргонуу армиясына (ЦАХАЛ) саясий жетекчилик менен макулдашпастан эле Ирандын жогорку кызматтагы адамдарынын баарын өлтүрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Исраэль Кац билдиргенин РИА Новости жазды. https://ria.ru/20260318/izrail-2081543218.html
"Премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен кеңешип ЦАХАЛга кошумча макулдашуусуз Ирандын жогорку кызматты ээлеген чиновнигинин баарын жок кылуу укугун бердик. Бүт жок кылабыз", — деген министр согуш талаасындагы абалга баа берип жатып.
Ал буга чейин Иран бийлиги тарабынан дайындалган бир да лидер аман калбай турганын айткан болчу.
Шейшемби күнү Израиль Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани менен "Басидж" ыктыярдуу аскер күчтөрүнүн командири Гулямрез Солеймани жок кылынганын кабарлаган. Тегеран алардын өлүмүн расмий тастыктады.
Иран Харк аралын басып алууну көздөгөндүн баары катуу жазаланарын айтты