БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Израилдин аскердик авиациясы Ливандын борбору Бейрут шаарындагы көп кабаттуу турак үйдү кыйратты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Өткөн жумада ошол эле имаратка эки жолу чабуул жасалган, бирок ал жарым-жартылай гана жабыркаган.
"Бул имарат Израилге эмнеге жакпай калганын билбейм. 2024-жылдагы согушта да ушул имаратты бутага алышкан. Бул жөн гана карапайым адамдар жашаган үй", — деди каршы тарабындагы кафенин кызматкери.
Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.