БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында төрт талапкерди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады.
Ага ылайык, депутаттык мандаттар төмөнкү талапкерлерге берилди:
Улугбек Ормонов (Курманкул Зулушевдин ордуна);
Мавлюда Калбердиева (Шаирбек Ташиевдин ордуна);
Бактыбек Чойбеков (Нурланбек Азыгалиевдин ордуна);
Алтынкүл Мурзакимова (Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна).
Жаңы депутаттар расмий түрдө катталып, аларга күбөлүктөр жана төш белгилер тапшырылды.