Маалымат борбор

Өлкөдө бир жылда психикасы жабыркаган 101 бала өз өмүрүнө кол салган

Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. 2025-жылы Кыргызстанда психикасынын жабыркашынан улам балдардын өз өмүрүнө кол салган 101 учуру катталган. Бул тууралуу №6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатры Борис Ли Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, каргашанын көбү көйгөйдү убагында ачыктабагандыктан улам болот.
"Мисалы, эгер гастритти көпкө чейин дарылабаса, ал онкологияга айланып кетиши мүмкүн, кеч аныкталган дарттар да өтүшүп кетет. Психикасы жабыркагандар да ушундай эле болот", — деди дарыгер.
Психиатр маселенин экономикалык өңүтүнө да токтолду: психика жабыркаса калктын иштөө жөндөмү да төмөндөйт, бул — ИДПнын 0,4 пайызына тете жагдай.
"Оор психикалык илдеттер адамды үй-бүлө жана коомдун мүчөсү катары жашоосун кыйла чектеп коет", — деди Ли.
Маалымат борбор
Кыргызстанда канча адам психикалык оорулардан жабыркайт? Расмий маалымат