Трамп Кубаны басып алуу намыстын иши экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп "Кубаны басып алуу" намыс алып берчү иш экенин билдирди. Бул тууралуу ал Ак үйдөн айтканын РИА Новости жазды.

"Бул — чоң сыймык. Бошотомбу, басып аламбы, менимче, Куба боюнча каалаганымды жасай алсам керек", — деген өлкө лидери.

Анткен менен Трамп Кубаны Иран жана Венесуэладай кылар-кылбасын айтуудан баш тартты. Бирок ушу тапта Куба кыйла алсырап тургандыктан АКШ аны каалагандай калчай аларын белгилеген.
Америкалык лидер буга чейин да Кубаны "төңкөрүш" менен коркуткан.
29-январда Трамп Кубага мунай жеткирген мамлекеттердин товарына бажы салыгын киргизүүгө жол ачкан жарлыкка кол коюп, АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн деген жүйө менен өзгөчө абал киргизген.
Ал эми Куба Трамптын аракетинен улам отун кризисине кабылды. Кечээ аралда Улуттук электр энергетикалык системанын иши токтоду. Мындан улам өлкөдө нааразылык акциялары өтүүдө.
Өкмөт АКШ энергетикалык блокада аркылуу Карибдеги өлкөнүн экономикасын кыйратып, элинин жашоосун кыйындатууну көздөп жатканын билдирди.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков абалды өтө курч деп сыпаттаган. Москва Гавана менен кырдаалдан чыгуу жолдорун жана жардам берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат.
Трамп Ормуз кысыгындагы абалдан улам НАТО менен суук селки болууда